super.kg logo

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 500дөн ашуун компьютер берди

 

Бүгүн, 7-февралда Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, ЮНИСЕФ министрликке "iEMDOO" маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система эмдөө программасына санариптик жабдыктарды киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга мүмкүндүк берет.

"2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.

Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: