Жээнбек Кулубаев алгачкы жолу Оманга иш сапары менен бармай болду
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда Оманга расмий сапар менен барат. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта Кулубаев Омандын тышкы иштер министри Саид Альбусаидинин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу бара жатканы айтылат.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрү мерчемделген. Анда кыргыз-оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Министр Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.
Фото: интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

