super.kg logo
  Саясат  

Шайлообек Атазовдун соту анын кан басымынын улам көтөрүлүп жатканына байланыштуу 13-январга жылдырылды

 

Бүгүн, 8-январда Шайлообек Атазовдун иши боюнча 16:30га белгиленген соттук отурумга ал дарыланып жаткан Ош кардиологиялык борборунун директору Камчы Исабаев келип катышты. Ал соттук отурумда “учурда депутаттын стресстен улам кан басымы 200гө чейин көтөрүлүп, кайра түшүп жатат” деп билдирди. Судья Абдырасул Шамшиевдин “1-2 саатка алып келе албайсызбы?” деген суроосуна оорукананын директору “Эгер аны дарылап жаткан дарыгери жана дары-дармектери менен кошо алып келип отургузсаңар болот. Бирок мен жоопкерчиликти ала албайм. Анткени жогорку кан басымдан инсульт болуп калышы мүмкүн” деп жооп берди.

Ал эми Ш.Атазовдун адвокаты Авазбек Мирзаев “Негизи дарылоо курсу, 6, 10, 15 күн же 1 ай болот. Силер сотту шайлоого чейин бүтүрүүгө аракет кылып жатасыңар. Балким, 15-январдан кийинкиге жылдырасыңар” деген оюн айтты. Жыйынтыгында Ш.Атазовдун иши 13-январда каралмай болду.

Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун иши бүгүн Ош облустук сотунда эртең мененки саат 10:00дө каралмак. Эртең менен эрте Ош облустук сотунун алдына Ш.Атазовдун 100дөн ашуун жактоочусу келген. Белгисиз себептерден улам иш процесси саат 14:00гө жылдырылган болчу. 

Саат 14:00дө боло турган соттук отурумга Шайлообек Атазов келген жок. Анын себебин жактоочусу Авазбек Мирзаев “ден соолугу начарлап, ооруканада жатат” деп түшүндүргөн. Жыйынтыгында "Атазовду дарылап жаткан дарыгер сотко келип түшүндүрмө берсин" деген чечим менен сот процесси 16:30да улана турган болгон.

Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы, кикбоксинг боюнча Дүйнөнүн жана Кыргызстандын 5 жолку чемпиону  Шайлообек Атазовду 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ага өзү жетектеген ишкананын мурунку жетекчиси чыгарган чечимди аткаргандыгы үчүн айып тагышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: