super.kg logo
  Саясат  

Сочиде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

 
Сочиде 7-январдан тарта, Олимпиада оюндарына туура бир ай калганда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук эрежелери Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң катаал чаралардын бири катары сыпатталууда. Орусиянын президентинин буйругуна ылайык, тыюу салынган аймактар болот. Ал жакка жумуш же өндүрүштүк себептер менен гана кирүүгө мүмкүн. 
Тыюу салынган зонанын чеги Карачаево-Черкесиядан башталып, Абхазияга чейин жетет. Башка шаарлардын унаалары Сочиге кире албайт. Көзөмөл киргизилген да аймактар бар, ал жакка кирүү үчүн полициянын текшерүүсүнөн өтүү керек. 30 миң полиция кызматкери жана ички аскер күчтөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Айрым талдоочулар жакында 34 кишинин өмүрүн алып кеткен Волгограддагы теракттарды Сочидеги Олимпиада менен байланыштырууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: