super.kg logo

Абхазияда жаңы президент шайланууда

 

Абхазияда президенттик шайлоо башталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, шайлоо борборлору республиканын тургундарына эшигин ачты.

Өлкө башчысына жалпы 5 талапкер ат салышууда.

- Абхазиядагы белгилүү саясатчыс Бадра Гунба;

- Орусиядагы мурдагы соода өкүлү Олег Барциц;

- республиканын көзөмөл палатасынын экс-жетекчиси Роберт Аршба;

- оппозициячы Адгур Ардзинба;

- “Кара деңиз өнүктүрүү” банкынын төрагасы Адгур Хурхумаль.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Абхазиянын өзүндө 152 шайлоо участогу добуш берүү үчүн жабдылган, ал эми Орусиянын Москва менен Черкес аймактарына да коюлган. Шайлоочулардын негизги тизмесине 134 миң адам киргизилген. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы 16-февралда белгилүү болот.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган. Митингчилер президенттин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, өлкө башчысын кызматтан кетишин талап кылышкан. Андан соң Абхазиянын кызматтан кеткен президенти Аслан Бжания республикадан чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: