super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды

 

8-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары Халед бин Сауд бин Халед Аль Саудду кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сатыбалдиев араб ишкерлерин өлкөнүн айыл чарбасына, туризмге жана энергетика тармагына каражат салууга чакырды.“Кыргызстан Араб Экономика форумунун алкагында: Араб мамлекеттеринин Лигасы, борбордук Азия, Азербайжан жана башка мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар”,- деди премьер-министр. Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн анын экономикасына инвестиция тартууга даяр экендигин билдирди. “Келечекте алгылыктуу долбоорлор бизди күтүп турат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: