super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте профессионалдык бокс боюнча турнир өтөт

 

Бишкек шаарында 23-февраль күнү кыргыз мушкерлеринин катышуусунда Ала-Тоо бокс лигасынын 2-турнири өтөт.

Турнирдин негизги беттешинде кыргыз боксунун жылдызы Акжол Сулайманбек уулу коңшу өзбекстандык Мирзамухаммад Хикматуллоев менен кез келет. Андан тышкары дагы бир топ мыкты кыргыз мушкерлери рингге чыгат.

Кесипкөй бокс менен катар турнирде башка спорт түрлөрүнүн өкүлдөрү да шоу беттештерге катышат. Алардын катарында тай бокс боюнча дүйнө чемпиону Шерзод Кабутов, ММА жылдызы Тилек Машрапов жана бир топ мыкты мушкерлер бар.

Турнир 23-февраль күнү саат 19:00дө Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталат.

Белгилей кетсек, Ала-Тоо бокс лигасынын 1-турнири 2024-жылдын 21-декабрында дагы Бишкекте өткөн. Анда күйөрмандар көптөгөн кызыктуу беттештерге күбө болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: