super.kg logo

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев инвесторду кабыл алып, ага калпак кийгизди (фото)

 
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” жоопкерчилиги чектелген коому чет элдик ишканасынын башкы директорунун орун басары Чжан Цзиньфанды кабыл алды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
"Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.
Аталган долбоор ишке ашырылса, кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөрү белгиленди", - деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек, долбоордун алкагында курула турган ишкана болжолдуу күнүнө кубаттуулугу 2000 тонна таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат.
Жолугушуунун соңунда долбоорду даярдоо жана инвестициялык кызматташтык келишимди, жумушчу топту түзүү боюнча макулдашылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: