super.kg logo
  Саясат  

"Ынтымак ордодогу" жыйындан кийин бир нече аткаминерлер жумушунан айдалды (тизме)

 

Бүгүн, 21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Ынтымак ордодо" президенттик аппараттын коллегиясы өттү. Жыйында бир нече мамлекеттик кызматкерлерге өз милдетин аткарбагандыгы жана жыйынтыксыз иш сапарларга чыккандыгы боюнча маалыматтар айтылды.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, 20га жакын аткаминер кызматтарынан кол жууду.

Алар:

  • Алмаз Сокеев – айыл чарба министринин орун басары;
  • Расул Абазбек уулу ‒ билим берүү министринин орун басары;
  • Дамир Алибаева – Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу;
  • Таалай Ибраимов – Баткен районунун акиминин орун басары;
  • Кишимжан Кыдырова – Баткен районунун акиминин орун басары;
  • Мээрихан Асанова – Кадамжай районунун акиминин орун басары;
  • Айна Нават кызы – Токтогул районунун акиминин орун басары;
  • Туратбек Кулешов – Нарын районунун акиминин орун басары;
  • Адилет Жолдошев – Талас районунун акиминин орун басары;
  • Маматиса Кокоев – Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары.

Ошондой эле кызматынан бошотуу боюнча президент Садыр Жапаровдун кароосуна тийиштүү жетекчилердин тизмеси берилген.

Алар:

  • Учкунбек Жоробаев – Баткен районунун акими;
  • Мирлан Карагулов – Базар-Коргон районунун акими;
  • Сейтек Кулубаев – Араван районунун акими;
  • Жакыпбек Субагожоев – Ноокат районунун акими;
  • Мунарбек Насиров – Ак-Суу районунун акими;
  • Нургазы Нармырзаев – Талас районунун акими;
  • Досмамбет Жээнбеков – Манас районунун акими.

Ошондой эле Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев функционалдык милдетин аткарбаган үчүн анын орун басары Гүлназ Орозова кетирүүгө сунушталды. Ал эми Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров өз ишин аткарбаган үчүн аппарат жетекчиси Жыпар Жээналиева кетмей болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: