super.kg logo

"Кол койбойм". Владимир Зеленский АКШдан алган миллиарддаган долларлык карызын тааныбай турганын жарыялады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин АКШга болгон 500 миллиард доллар карызын тааныбай турганын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 23-февралда өткөргөн маалымат жыйынында айткан.

Зеленскийдин айтымында, АКШ Украинага 100 миллиард доллар жардам берген. Бирок Киев бул сумманы да карыз деп тааныбайт, анткени ал сумма АКШнын мурдагы президенти Жо Байден менен макулдашылган грант болгон.

"Биз гранттарды карыз катары тааныбашыбыз керек... Мен украиналыктардын 10 мууну төлөй турган нерсеге кол койбойм", - деген ал.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металлдарды алууна каалап жатканын билдирген. Кийинчерээк Трамп Киев Вашингтон берген аскердик жардамдын акысы катары 500 миллиард долларлык сейрек кездешүүчү металлдарды берүүгө макул болгонун айткан.

The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазган. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: