Сокулукта 59 жаштагы тургундун үйүнөн курал-жарак табылды





Сокулук районуна караштуу Асыл-Баш айылынын 59 жаштагы тургуну мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга аталган жаран тууралуу маалымат түшөрү менен Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, анын үйү тинтүүгө алынган.
Тинтүүдө атайын коргоочу форма жана пластикалык каска, дүрбү, кош ооздуу курал, 28 калибрлүү 5 даана гильза,16 калибрлүү 15 гильза, 32 калибрлүү 2 патрон,16 калибрлүү 4 патрон, 5х6 калибрдеги 41 патрон табылган.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.