super.kg logo

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 6 киши кармалды

 

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Ала-Арча суу сактагычынын жанында Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган уучурда маалымат тастыкталып, каза болгон жаран мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жыйынтыгында, 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда маркумдун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: