super.kg logo

"Бутактар менен жаап койгон". Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыздын сөөгү талаадан табылды

 

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда милицияга 46 жаштагы аял кайрылып, 22 жаштагы кызы 18-февралда Гидростроитель айылындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал кыз тааныш баласы менен айылдагы мектептин айланасынан жолукканы белгилүү болгон. Милициянын маалыматы боюнча, алар чырдаша кетишип, бала кызды сабап, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң шектүү жасаган кылмышын жашыруу үчүн анын сөөгүн талаага алып барып, жерге көмгөн жана үстүн дарактын жалбырактары жана бутактары менен жаап койгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 21 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: