super.kg logo
  Саясат  

Кыргызгидромет: Январь айы демейдегиден суук болот

 

Республика боюнча 2014-жылдын январь айы демейдегиден суук болот. Бир айдын аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет маалымат берди. 

Ага ылайык, бул айда аба ырайынын орточо температурасы 3° климаттык нормадан төмөн болушу күтүлөт. 

Чүй облусунда 8°C чейин төмөндөп, кээде түнкүсүн -21°Cден -26°Cге чейин, ал эми күндүз -3°Сден -8°Сге чейин суук болушу күтүлөт. 

Талас облусунда январдын орточо температурасы -4°С -9°С, түнкүсүн   -15°С -20°С, күндүз -3°С -8°С болот. 

Республиканын түштүк аймагында аба ырайынын орточо температурасы -3°С -8°С болсо, түнкүсүн -10°С -15°С жана күндүз -1°С -6°Сге чейин суук болот. 

Ысык-Көл облусунда абанын температурасы түнкүсүн -10°С -15°С, күндүз -1°С -6°С болсо, Нарын облусунда температура нормадан төмөн болуп, аба ырайынын орточо температурасы -10°С -15°Сге барабар болот. Нарында түнкүсүн аба ырайы -25°C -30°C, күңдүз -14°C -19°C суук болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: