super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарына январь айында 600 арча көчөтү тигилет

 
Ош шаарындагы М.Жиннах көчөсүнө 100гө жакын көчөт эгилди.
Эгилип жаткан арчалар 5 жылдык көчөттөр.
Арчалар Ош шаарына караштуу питомниктерден казылып келип жатат
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байказаков иш үстүндө.
Иш учурунан.
Шаарга жалпысынан 600 арча көчөт эгилет.

Бүгүн Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байказаковдун катышуусунда Ош шаарынын ачык жерлерине арча көчөтү эгиле баштады. Алгачкылардан болуп Ош шаарындагы М.Жиннах көчөсүнө 100гө жакын көчөт отургузулду. 

“Кышында эгилүүчү арча көчөттөрдүн саны 600дү түзөт. Былтыр 1500 даана арча эккенбиз. Анын ичинен 120сы куурап калды, калганы көктөп жатат. Арча абаны тазалап, жайы-кышы жашыл болуп турат. Ошол үчүн жол бойлоруна эгүүнү туура көрдүк. Күзүндө жалбырак түшүп көчөнү булгабаганын да бааладык”,- деп билдирди А.Байказаков. 

Белгилей кетсек, эгилип жаткан арчалар 5 жылдык. Алар Ош шаарына караштуу питомниктерден казылып келип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: