super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча үн катты

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси толук чечилди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев кечээ, 26-февралда Баткен шаарындагы футбол стадионунун курулушун баштоо аземинде билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды.

Ал белгилегендей, жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду.

“Эртең Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинин жыйынында биринчи кезекте чек ара маселеси каралат. Андан соң мамлекет башчылары кол коюп, маселе кайрадан парламенттик жыйында кеңири курамда ратификациядан өткөрүлөт. Ратификациядан өткөн соң мыйзамга мамлекет башчылары тарабынан кол коюлуп, анан ишке киргизилет. Бул жумуштардын баары бир айдын тегерегинде бүтөт. Буюрса, Баткен облусунда чек ара маселеси толугу менен чечилди деп айтууга болот”, - деген Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: