super.kg logo

Камчыбек Ташиев Лейлек районунан Тажикстан менен Кыргызстан канча гектар жер алмашканын айтты

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын долбоору каралууда.

Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар жер берилип, 190 гектар жер алынганын айтты.

"Биринчи: Лейлек району боюнча чек аранын өтүүсү үчүн Тажикстандын Кайрагач участогунан Кыргызстандын пайдасына 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жери алынды. Жалпы аянты 190 гектар. Муну лейлектиктер, баткендиктер жакшы түшүнүшөт. Ордуна Кыргызстандан Саада – 21 гектар, Раззаков участогу – 23 жарым гектар, Селкан – 4 гектар, Майты – 7 гектар, Пролетарск – 12 жарым гектар, Улакжай – 15 гектар, Ак-Арык – 7 гектар болгон жалпы 90 гектар жана Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар берилди. Бардыгы 155 гектар берилди. Ошондой эле Тажикстандын Кайрагач анклавынын ордуна Майты участогунан 35 гектар жер берилди. Жалпы берилген 190 гектар. Биз 190 гектар алдык дагы, 190 гектар бердик", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: