super.kg logo

Камчыбек Ташиев "Достук" базарынын ордуна Тажикстандан эки эсе көп жер алынганын айтты

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жайма базар Тажикстанга өтүп, ордуна анын аянтынан эки эсе көп болгон сугат жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

"1991-жылдагы чек ара сызыгы Худжанд-Арка Канибадам жолунун тең ортосунан өткөндүгүнө байланыштуу бул автожол толугу менен жана 3 гектар болгон "Достук" жайма базары кошуна тарапка жазылды. Бул жерлердин бардыгы 12 гектар болду. Тагыраагы, жолдун ортосу жана баягы жаңжал боло берген алар тараптагы базар.

Анын ордуна Тажикстандан эки эсе көп жер аянтын алдык. Башкача айтканда, Лаккон участогунан 25 гектар сугат жерди алдык. Эмне үчүн? Себеби биз "бул базар, коммерциялык жер" деген талапты койдук. Экинчиден, жол деген бул өзөк. Ушулардын баарын айтып отуруп, алардан эки эсе көп жер аянтын алдык", - деди Ташиев.






Камчыбек Ташиев жайма базардын ордуна Кыргызстанга эки эсе көп жер алынганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: