"Илгери Бишкек чөл болгон экен". Депутат бак-дарактардын кыйылып жатканына тынчсызданды
Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкек, Ош шаарында бак-дарактардын кыйылып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Бак-дарактар тез-тезден кыйылып жатат. Кечээ жолдо баратып жаңы көчөттөр отургузулганын көрдүм. Анын жанында кыйылган бактар турат, эми жаңы көчөт ал бактын деңгээлине жетиши үчүн 10-15 жыл керек го. Илья Терентьев атындагы музейге барсак, илгери Бишкектин чөлкөмү чөл болгон экен. Камыш басып жашаганга ыңгайсыз болгон экен. Кийин миңдеген бак-дарактар отургузулуп, сугаруу иштери жөнгө салынганда гана жашаганга ылайыкташкан. Ошон үчүн биз кайра чөлгө айлантпайлы", - деди ал.
Фото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

