Орусиядагы мигранттар жумуш күнүнөн кийин түнкү клубда эс алышат
Орусиялык ММК: "Аллах үйдө калды" деп күлгөн 30 жаштагы Замир 10 жылдан бери Орусияда жашайт. Аталган өлкөнүн жарандыгын алып, полицияга жумушка орношууга жетишкен Замир мекенин Кыргызстан деп эсептейт. Кыргыз кийимин кийген тейлөөчү алардын столуна арак алып келди"


Орусиялык ММК: "Аллах үйдө калды" деп күлгөн 30 жаштагы Замир 10 жылдан бери Орусияда жашайт. Аталган өлкөнүн жарандыгын алып, полицияга жумушка орношууга жетишкен Замир мекенин Кыргызстан деп эсептейт. Кыргыз кийимин кийген тейлөөчү алардын столуна арак алып келди"

Кыргыз кыздары болочоктогу жан шериктери тууралуу айтып, алардын мекенинде экинчи аялы болбошу керектигин билдиришкен. Ошондой эле кээ бир жарандар тиричиликти жеңилдетүү үчүн Москвада убактылуу экинчи турмуш курушканын белгилешкен.

Өздөрүн патриотпуз дешкен 18 жаштагы Эля менен Гүлүм кыргыз жигитине гана турмушка чыгарын айтышат.

Орусиялык ММК: "Кыргыз диаспораларынын клубдарына кирүү да оңой эмес. Өздөрүнүн арасындагы "жылдыздар" концерт бере турган болсо, яндексте жарнамалар жайнап калганын көрүүгө болот"

Тажик мигранттарынын арасында белгилүү рэпердин концертинде келгендердин саны арбын. Ал ырында Орусиянын мигранттарга болгон катаал мамилесин, мамлекетинин сатылып жатканы өкүндүрөрүн айтып өтөт.

Тажикстандык рэпер Мастер Исмаил же M.One мигранттар тууралуу чыгармаларды жаратат. Ал өзүнүн карьерасын Москва менен байланыштырарын айткан.

28 жаштагы Шохин 12 жылдан бери Москвада иштейт, анын аялы эки кызы менен Тажикстанда жашайт.

19 жаштагы Пинора менен 28 жаштагы Али рэпер Мастер Исмаилдин концерти үчүн келишкен.

Тажикстандык рэпердин концерти мушташ менен аяктады.
Акыркы күндөрү Орусиядагы мигранттардын жашоосу мамлекеттик деңгээлде талкууга алынып жатканы белгилүү. Турмуштун айынан кыйын шартта иштеп жаткандардын жашоосу көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт өңдүү. Дегеним, орусиялык маалымат каражаттарынын бири мигранттардын эс алуучу жайлары тууралуу жазып чыккандан кийин, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.
Мигранттар Орусияда өздөрүнүн жеке клиникасынан тарта түнкү клубдарга чейин ачканы тууралуу айтып, “орустар аталган клубдарга экзотиканы көрүү үчүн гана барышы мүмкүн. Бир нече жыл мурун жөнөкөй эле жайды Шаархан Айдарова сатып алып, клубга айланткан" дешкен.
Ал эми алтындарды тагынган айым "биз баарына кубанычтабыз. Клубдун эшиги каалагандар үчүн ачык" деп журналистке маек берген.
Мындан сырткары эс алуучу жайлар тууралуу жарнактар мигранттардын гезиттеринде жарыяланып турарын кошумчалашкан.
"Кел-Кел" ресторанына келген кыргыз кыздары бул жерде жердештери менен жолугуп, бийлеп, кальян тартып, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болорун айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

