Футбол үй-бүлөсү Юсуп Иусаевди акыркы сапарга узатты (видео)
СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргызстандын XX кылымдагы эң мыкты футболчусу наамынын ээси, футболчу Юсуп Мусаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, аны менен коштошуу зыйнатына УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган КФБнын өкүлдөрү, ата-мекендик коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана санаалаштары катышты.
Ташиев маркумду эскерүү сөзүндө кыргыз футбоолу орду толгус жоготууга дуушар болгонун айтып, жакындарына көңүл айтты.
Юсуп Мусаевдин сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Белгилей кетсек, кыргыз футболунун ардагери Юсуп Мусаев 89 жаш курагында, өзүнүн туулган күнүндө дүйнөдөн кайткандыгы айтылган. Ал 1936-жылы 27-февралда жарык дүйнөгө келген.
Футбол үй-бүлөсү Юсуп Иусаевди акыркы сапарга узатты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.