super.kg logo

Легендарлуу Бувайсар Сайтиевдин өлүмү: Окуя боюнча күтүүсүз жагдай айтылды

 

Үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиев кокусунан батиринин терезесинен кулап кеткен болушу мүмкүн. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Минская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан кароолчу Бувайсар Сайтиевди оор абалда тапкан. Ошол учурда балбандан жаракат табылган эмес. Ошондой эле ага эмне болгону түшүнүксүз болгон. Сурак учурунда спортчунун бир тууган агасы Бувайсар Сайтиев үй жумуштарын аткарып жатып, 3-кабаттагы батиринин терезесинен кулап кетиши мүмкүн экенин айткан.

Учурда бул версияны тергөөчүлөр текшерип жатат.

Буга чейин ал күчтүү дарыларды ичкени, мындан улам жүрөгү токтоп калышы мүмкүн экени айтылган.

Бувайсар Сайтиев эркин күрөш тарыхындагы эң атактуу балбандардын бири. Ал үч жолку Олимпиада чемпиону (1996, 2004, 2008), дүйнөнүн алты жолку чемпиону (1995, 1997, 1998, 2001, 2003, 2005), Европанын алты жана Орусиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Ал кечээ, 2-мартта Москвадагы ооруканалардын биринде каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: