super.kg logo

Екатеринбург–Тамчы аба каттамын жандантуу талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанга иш сапар менен келген Орусиянын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, маданият, инвестиция, энергетика, машина куруу, транспорт, туризм, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайы сыяктуу тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектри козголду.

Өзгөчө көңүл туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде Екатеринбург–Тамчы аба каттамын жандандырууга бурулду, ал аймактар ортосундагы туристтик агымды бир топ көбөйтөт деп күтүлүүдө. Амангелдиев Кыргызстан Екатеринбургдагы "Жай-2025" көргөзмөсүндө өнөктөш өлкө болууну пландап жатканын белгилеп, уралдыктарга республикадагы санаториялык-курорттук дарылануу жана ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштады.

Василий Козлов Свердлов облусунун Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын баса белгилеп, региондон Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Бишкекте өткөрүлө турган соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын күн тартибин жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: