super.kg logo

Бишкекте милиция шектүүнүн үйүнөн үйрөтүлгөн иттин жардамы менен баңгизат таап чыкты (видео)

 

Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалымдалгандай, 27-февралда Бишкек ШИИББине белгисиз адамдар баңгизаттарды сатып жүрүшөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1989-жылы туулган Д.А., 1976-жылы туулган Д.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Борбор калаадагы Феодосий көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин тинтүү учурунда өңү жашыл түстөгү 50 даана целлофан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар баңгизаттар табылган. Алынган баңгизаттар ИИМдин Эксперттик кызматынын маалыматына ылайык каннабис (марихуана) деп табылып, жалпы салмагы 5 килограмм 602 граммды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: