Арал-Казарман жолунда таштар кулап, жолду жаап калды



Бүгүн, 4-мартта таңкы саат 04:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесине (247-248 чакырымдар аралыгында) тоо боорунан таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолду тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылган.
Учурда жол бир тараптуу ачылып, тазалоо иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.