super.kg logo

УКМК Кыргызлотонун жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады

 

"Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – "Кыргызлото") жетекчиси тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жүрүшүндө "Кыргызлотонун" жетекчиси К.В. жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз баюу жана материалдык пайда алуу максатында потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө акча каражаттарын опузалап талап кылуу үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталган.

"Тактап айтканда, К.В. өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Мындан тышкары ал кошумча талаптарды коюу менен жасалма тоскоолдуктарды жаратып, ар бир лотерея билетин сатуудан “откат” талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

К.В. 3-марттв 10 миң доллардын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК бүгүнкү күндө коррупцияга малынган аткаминерлерге карата реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү ченемдер жоюлганын, эми бир канча убакыттан кийин айып пул менен кутулууга мүмкүн болбой турганын эскертет.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: