super.kg logo

Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген спорт зал мамлекетке кайтарылды 

 

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан спорт зал мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы спорт зал райондук билим берүү бөлүмүнүн эсебинде турган кошумча мектептин бир бөлүгү болгон. Аталган мектеп жабылгандан кийин жооптуу адамдар жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган объектини жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында менчик ээси мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын балансына 1500 чарчы метр жана чектеш 2 гектар аянты менен объектти өткөрүп берди", - деп билдирди УКМК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: