Депутат Татьяна Левина кызматтык унаасын жасалма номур менен көчөгө айдап чыккан айдоочусун иштен айдады
Жогорку Кеңештин депутаты Татьяна Левина кызматтык Тойота Камри унаасын жасалма номур менен көчөгө айдап чыккан айдоочусун иштен бошотту. Муну ЖКдагы өздүк булактарыбыз билдирди. Депутаттын айдоочусуна айтпай унаанын номурун алмаштырганы үчүн катуу сөгүш берилиптир.
Эскерте кетсек, 6-январда депутаттын айдоочусу борбор шаардан жасалма номур тагып алып депутаттын кызматтык унаасын айдап жүргөн учурда кармалган болчу. Унаанын чыныгы мамлекеттик номуру 0079 KG болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

