super.kg logo

“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спирди өлтүрүп кетишти

 

“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны Томас Беррини жолдон өлтүрүп кетишти. Алардын өлүмүнөн кийин Венесуэла бийлиги өлкөдө коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Моника Спир эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине жолдошу жана 5 жаштагы кызы менен эс алууга келген. Полиция кызматкерлери алардын киши колдуу болуп каза табышканын айтышты. Алар машинадан жубайлардын жансыз денесин жана октон жаракат алган кызын табышкан. Бутунан жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген.

Окуя Пуэрто-Кабельо жана Валенсия шаарларынын ортосунда болуп өткөн. Божомолдоолорго караганда, жубайлар унаасынын бир жери бузулганынан улам токтоого аргасыз болушкан. Ошол учурда аларга эргулдар кол салышкан. Жубайлардын бири каршылык көрсөткөндө, алар ок чыгарышкан. 

Белгилей кетсек, 29 жаштагы Моника Спир акыркы жылдары АКШда жашап, испан тилиндеги "Телемундо" каналында иштеп келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.01.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.
09.01.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас!Не деген шумдук. Акмактарды ьабышсын.
09.01.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошмар,кичинекей баласына эле арман болдуго.
Кызы тез айыгып кетсин
09.01.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон эле дал келуучулук болсо керек. Сулуулука тиешеси жок болуш керек менимче.Бирок жанагы адам аттыккан айбандарды олтуруш керек. Каап 5 жашар чырактай кыз томолок жетим калганы эмнеси. Кудай боодо кырсыктан, моняктардан сакта. Баарыбыз балдарыбыз учун гана жашап калат экенбиз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: