super.kg logo

АКШда 15 жылдан бери биринчи жолу өлүм жазасы атуу менен ишке ашырылды

 

Америка Кошмо Штаттарында акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу өлүм өкүмү ок атуу менен аткарылды. Бул тууралуу Түштүк Каролинадагы Жаза аткаруу департаменти социалдык тармактарда жарыялады.

"Брэд Кит Сигмонго 7-мартта саат 18:05те атуу менен өлүм жазасы берилди. Дарыгер саат 18:08де каза болгонун тастыктады", - деп айтылат маалыматта.

Маркум 67 жашта болчу. Ал 2001-жылы мурдагы сүйлөшкөн кызынын ата-энесин бейсбол таягы менен өлтүргөнү үчүн кармалган.

Юристтердин айтымында, Сигмон атуу менен өлүм жазасына тартууну өзү тандаган. Ал электр отургучуна отуруу же өлүмгө алып келген инъекциядан баш тарткан.

Аны караңгы бөлмөгө алып киришип, андан кийин тешиктен тулку боюн көрсөтпөгөн адамдар атышкан.

АКШда атып салуу менен өлүм жазасына тартуу сейрек учурайт. Сигмондун иши 1977-жылдан бери өлкөдө төртүнчү жолу атуу менен өлүм жазасына тартылган учур болуп саналат. Жалпысынан бул мезгилде 1500дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: