Президент МИК келечекте айылдарга чейин үй саларын айтты
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пландары жогорку деңгээлде, амбициялуу экенин "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Мамлекет башчысы учурда МИКтин уставдык капиталы бир миллиард долларга жетип калганын белгилеген.
"2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга жетет. Бул эзели түшкө кирбеген сумма. МИК бардык кичи шаарларга, бардык райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин айылдарга киришет. Кимде ким жаңы үй салабыз же эски үйлөрүн жаңылайбыз дешсе, эски үйлөрүн бузуп салып, жаңы үйлөрдү салып беришет. Мөөнөтү 25-30 жыл. Келечектеги пландар мына ушундай", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.