super.kg logo

Бишкекте жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушунан улам автобус каттамдары өзгөртүлөт

 

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушунан улам 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер менен жабдылган жер астынан өтүүчү жол менен биргеликте 220дан ашуун унаа токтотуучу жай да курула турганы айтылды.

Долбоор "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" ЖЧК компанияларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзүп, эки жылга созулат.

Мындан улам бул аймактагы айрым автобус каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрөт:

  • № 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттук каттам Фрунзе көчөсүнө которулат.
  • № 7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттук каттам Киев көчөсүнө багытталат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин борборундагы адамдар көп өтүүчү эки жерге жер астынан өтүүчү өтмөктөр курула турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: