super.kg logo

Догдуркул Кендирбаева 12 жылдык билим берүүнүн максатын түшүндүрдү

 

Мектептерде 12 жылдык билим берүү кыргыз балдарынын билим сапатын жакшыртууга багытталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда окуучуларда окуу жана түшүнүү көндүмдөрү жок, мындай балдар дүйнөлүк эмгек рыногунда эң төмөнкү айлык алган топтордун катарына кирип калат.

"12 жылдык билим берүүдө жаш кошулбайт, тескерисинче, мазмундук өзгөрүүгө алып келет. Билим берүү системасындагы ички мазмундук өзгөртүүнү баштайбыз. Биринчи кезекте жаңы муундагы окуу китептерди даярдоо керек, буга чейин жалаң жаттама китептерди окутуп келгенбиз.

Биздин максат жөн эле аттестат алуу же Европанын алдыңкы окуу жайларына окуу эмес. Биз дүйнөлүк акылдуу эмгек рыногуна киргенге даярбызбы? Коомдун мүчөлөрү менен сүйлөшүп көйгөйлөрдү чече алабызбы? Мекенге кызмат кылууга даярбызбы? Мына биз ушуларга басым койдук. Окуу жана түшүнүү көндүмдөрү жок балдар дүйнөлүк эмгек рыногунда эң төмөнкү айлык алган топтордун катарына кирип калат. Биз ошого намыстанып жатабыз. Бул президенттин башкы демилгеси. Бул жеке чиновниктер үчүн же кайсы бир топтун дүйнөлүк окуу жайга өтүп кетиши үчүн эмес, биздин максат – жалпы кыргыз балдарынын билим сапатын жакшыртууга жана мамлекеттин, элдин туруктуу өнүгүшүнө багытталды", - деди Кендирбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: