Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды

Белгилүү болгондой, 1-марттан тарта Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Алар Ысык-Көлдүн уникалдуу табиятын коргоо, экологияны сактоо жана курорттук-рекреациялык аймактардын тазалыгын камсыз кылуу максатында киргизилген.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарында, парктык зоналарында жана көлдүн жээгинде полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана бардык пластик буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды.
Аталган тыюуну бузган жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берилет. Эгерде бир жыл ичинде бул эреже кайрадан бузулса, төмөнкүдөй айып салынышы мүмкүн:
- Жеке жактар үчүн — 3000 сом.
- Юридикалык жактар үчүн — 10 000 сом.
Бул чаралар Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында өлкө президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы жарлыгына ылайык киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.