super.kg logo
  Саясат  

Депутат Токон Мамытов "Депутаттар министрди, губернаторду кызматтан кетире алат, бирок мэрди иштен ала албайт" дейт

 
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында депутат Токон Мамытов мэрлер ишеничти актай албай калса, аларды кызматтан кетирүүгө багытталган мыйзам керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, Бишкек шаары талкаланып жатат, бирок мэрди кызматтан алууга парламентте мүмкүнчүлүк жок. "Биз министрлерди же губернаторлорду кызматтан алып коё алабыз, бирок мэрди ала албайбыз. Эгер мэр милдеттерин аткара албай калган учурда Жогорку Кеңеш тарабынан кызматтан алып коё тургандай кылып мыйзага түзөтүү киргизүү керек",- деди Мамытов. Бул демилгени аталган фракциянын депутаттары колдоого алышып, мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн өкмөткө жөнөттү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: