Бишкекте 1-класстын айрым окуучулары бала бакчалардын имаратында билим алышат. Себеби
Бишкекте окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, 1-класстын айрым окуучулары бала бакчалардын имаратында билим алышат. Бул туурасында бүгүн, 11-мартта Билим берүү жана илим министринин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда шаардагы 120 мектепте 238 миңден ашуун окуучу окуйт, ал эми 1-класста 24 миң 840 бала билим алууда. Келерки жылы 2-класска 25 миңден ашык бала өтөт, ал эми 1-класска кабыл алуу боюнча тактоо жүрүп жатат.
Белгиленгендей, бүгүн, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышкан пресс-конференцияда, билим берүү системасын 12 жылдык окутууга этап-этабы менен өткөрүү маселеси талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.