super.kg logo
  Саясат  

"Сиз чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасын аткарып жатасызбы?" Депутат Түлөбаев билим берүү министринен так жооп сурады

 

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага суроо узатты.

"Биз акыры 12 жылдык окууга этап-этабы менен өтүшүбүз керек. Урамттуу министр айым, сиз алдыга жыла бериңиз. Сиз чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасын аткарып жатасызбы, же президенттин тапшырмасын аткаруудасызбы?" - деди ал.

Кендирбаева президенттин тапшырмасын аткарып жатканын баса белгиледи.

"12 жылдык окууга өтүүдө бир дагы чет өлкөлүктөрдүн катышуусу жок. Эксперт катары да, каржылык катары да. Биринчиден, улуттук жаңы муундагы 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз, экинчиден, өлкөбүздүн президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун талабы", - деди министр.

Буга чейин депутат Надира Нарматова учурда 12 жылдык окууга өтүү үчүн шарттар жок экенин айтып, Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алып, Батыштын тапшырмасы менен билим берүү тармагын талкалап жатабы деген суроо койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: