super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жапаровдун аялына рахмат айтты (видео)

 

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун келинчеги мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны жакында эле мамлекетке өткөрүп бергенин айтып, ага ыраазычылык билдирди.

Эл өкүлү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевден министрликке караштуу мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилерди качан тизмектеп берерин сурады.

Ал Ысык-Ата району боюнча мыйзамсыз менчиктештирлип кеткен жалпы 350 социалдык объект мамлекетке кайтарылганы жатканын белгилеп, Сан-Таш айыл өкмөтүн мисал келтирди.

"Менчиктештирилип кеткен социалдык объектилердин саны 63кө чыкты. Анын ичинде эки министр бар. Мурдагы айыл чарба министри, экс-вице-премьер-министр Александр Костюк отурат. Мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев деген отурат, бала бакчаны менчиктеп алып.

1,5 миллиард сомдук социалдык объектилерди элдер соту жок берип жатат. Акимиңер кол койгондон коркуп отурат. Акылбек Жапаровдун келинчегине рахмат, мына жакында эле бала бакчаны өткөрүп берди", - деди Таштанбеков.

Белгилей кетсек, УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.






Жогорку Кеңеш 12.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: