super.kg logo
  Саясат  

"Акча төлөп окуп жатышат". Төрага ЖРТдагы тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы республикалык тестирлөөдөгү тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү талабын койду.

Төрага билим берүү жана илим министрин окуучуларга жана алардын ата-энелерине оорчулук жараткан бул маселени тез арада чечүү керектигин айтты.

“11 жыл мектепте окуган бала жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жакшы жыйынтыкка жетишпей калып жатат. Мунун себеби тесттеги тапшырмалардын мектеп программасына дал келбегендиги болууда. Экөө эки башка. Айла жоктон окуучулар жалпы республикалык тесттирлөөдөн жакшы балл алыш үчүн акча төлөп, 2-3 ай калганда башка окуу борборлоруна, башка мугалимдерге барып даярданып жатышат. Мындай убара тартуунун эмне зарылчыгы бар? Андан көрө мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек. Бул боюнча канча жылдан бери айтылып келүүдө. Бизге да кайрылуулар көп түшүп жатат”, - деди Тургунбек уулу.

Өз кезегинде билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева төраганын пикирине толук кошуларын билдирип, тесттеги тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү үстүндө иштеп жатышканын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 12.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: