super.kg logo
  Саясат  

"Сиз мага акыл үйрөтпөй эле коюңузчу, макулбу?!" Төрага менен Эрулан Кокулов кайым айтышты (видео)

 

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен кайым айтыша кетти.

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков бөлүнгөн убакыты бүтүп калгандан кийин процедуралык микрофонго чыгып, кошумча убакыт сурап жаткан. Төрага ага чейин эле депутаттарга кошумча убакыт бере албастыгын, ансыз да каралчу маселе көп экенин айтып, суроо-жоопко бөлүнгөн убакытта оюн жыйынтоого чакырган. Ал арада сөзгө аралашкан Эрулан Кокуловго төрага "Сиз мага акыл үйрөтпөй эле коюңузчу, макулбу?!" деди.

Андан соң Таштанбековго сөз берилип, ал сүйлөп бүткөндөн кийин Кокулов микрофонго келип, төрагага нааразычылыгын билдирди.

Кокулов: Урматтуу төрага, процедуралык микрофонго чыгып сөз алуу – бул биздин укугубуз. Биз чыга алабыз.

Тургунбек уулу: – Эрулан мырза, бул боюнча биз сүйлөшүп, чечим кабыл алдык. Суроо берүүгө 57-58 депутат жазылыптыр. Убакыт тар.

Кокулов: – Мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун.

Тургунбек уулу: – Сиз сүйлөшпөсөңүз, биз көпчүлүк менен чечтик.

Кокулов: – Мен дагы депутатмын. Азыр адвокат деген сыяктуу сөздөр айтылып кетсе бири-бирибизге таарынабыз, туурабы? Келгиле, ар бирибиз өз жумушубузду так аткаралы. Анткени мен көп учурда суроолорумду берип бүтпөй калып жатам. Силер ушинткениңер үчүн жетишпей калып жатам.

Тургунбек уулу: – Бардыгы көпчүлүктүн добушу менен чечилип жатат. Биз бул жерде өзүбүз билип эч нерсени чечкен жокпуз.






Жогорку Кеңеш 12.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: