Жогорку Кеңеш БШКнын бир мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту
Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Искендер Гаипкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

