super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга унаа кузовун алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды

 

Министрлер кабинети “Кыргызстанга автотранспорттун кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, кабыл алынган токтомдо алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизүү каралган. Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин айкындуулугуна жана ак ниеттүү транспорт ээлеринин укуктарын коргоого багытталган.

"Акыркы жылдары өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча активдүү чараларды көрүп жатат. Бирок чет өлкөлөрдөн жасалма документ жана мамлекеттик номурлар менен унааларды алып келүү фактылары көбөйдү. Мындан тышкары тиешелүү документтик далилдерсиз автотранспорт каражаттарынын кузовун мыйзамсыз алмаштыруу фактылары катталып, бул бажы төлөмдөрүн төлөбөй ташылып келинген автоунааларды легалдаштырууга алып келген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: