super.kg logo
  Саясат  

Депутат жашыруун төрөт кабылдаган жайларды ачууну сунуштоодо

 

Жашыруун төрөт кабылдаган жайларды уюштуруу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долборуу Жогорку Кеңештин сайтындагы коомдук талкууга бүгүн, 12-мартта коюлду.

Мыйзамдын демилгечиси парламент депутаты Жылдыз Садырбаева жашыруун төрөт институттарын түзүү жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кооптуу жагдайларда калышын алдын алат деп эсептейт. Документте турмуштук оор жагдайда калган кош бойлуу аялдар төрөт борборлоруна өздүгүн ачыктоону талап кылгандыктан кайрылбастыгын, андыктан ымыркайды жашыруун өз алдынча төрөөгө бел байлашары белгиленген. Мындан улам жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө, турак үйлөрдүн кире беришине, таштанды контейнерлерине, парктарга жана башка жерлерге ташталган учурлар катталууда.

Андыктан мыйзам долбоору жашыруун төрөт жайларды уюштуруу менен кош бойлуу аялдардын коопсуз шартта көз жарышын, тиешелүү жардам алуусун, анын жеке маалыматынын корголушун, төрөт учурундагы купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууну көздөйт. Демилгечи эл аралык тажрыйбада мындай нерсе бар экенин белгилеп, долбоордо бир катар Батыш өлкөлөрүн мисал келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: