super.kg logo
  Саясат  

"Уяты да, бети да бар". Төрага Тургунбек уулу Айжигитовдун айткандарына комментарий берди

 

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов борбордук трибунадан 10 мүнөт убакыт сурады.

Анын сунушу добушка коюлуп, жыйынтыгында колдоо тапкан жок. Буга нааразы болгон Айжигитов парламентти сынга алды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аны сабырдуулукка чакырып, көпчүлүккө баш ийүү керектигин эскертти.

"Сиз аксакалсыз, бүгүн орозо күнүндө жалган айтуунун кереги жок. Бул жерде 24 эмес, 50дөн ашык киши отурат, бирден санасаңыз да болот. Эми сиздин сөзүңүздү коомчулук туура ойлоп калат. "Сөз бербейт" деп жатасыз, сөз берип жатам. Парламент жок болсо анда бул жерде эмнеге отурасыз? Парламент бар үчүн отурасыз. Кечээ "уятыңар, бетиңер жок экен" деп айттыңыз, парламентте отурган депутаттардын уяту да, бети да, акылы да бар. Чек ара маселеси боюнча парламенттин батыраак чечилип, тынчтык болсун деген бир эле тилеги бар.

Анан чыгып алып эле сүйлөй берген сиздики эп эмес да. Көпчүлүккө баш ийиңиз. "Нотариалдык контора" деп жатасыз, анда бул жакта эмнеге добуш берип отурасыз? Мен сизге кайра-кайра сөз берип жатам. Сөз бербеген болсом сиз күнүгө 2-3 жолу чыгып сүйлөбөйт болчусуз", - деген спикер Айжигитовго "дагы бир жолу сөз берейин" деп жыйынтыктады.

Анда эл өкүлү чек ара тууралуу сүйлөбөй турганын, "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин гана билдирерин айтты. Төрага 2-жолу добушка коё албастыгын белгилеп, "3 мүнөтүңүз бар да, ордуңуздан эле сүйлөй бериңиз" деди.

Эске салсак, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында да "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин билдирүү үчүн 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук бербей коюшкан.






ЖК 13.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: