super.kg logo
  Саясат  

"Бирөөнү башкача карап койдуң". Депутат мигранттардын маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Орусиядагы мекендештерге юридикалык жардам көрсөтө турган борборлорду ачууну сунуштады.

Жыйында "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Орусияда 300 миңден ашык жараныбыз бар. Ошонун дээрлик көпчүлүгү депортацияга дуушар болуп жатат. Буга майда-чүйдө укук бузуулар себеп болуп жатат. Юстиция министрлигинен Москва сыяктуу чоң шаарларга адвокаттык контораларды ачууну талап кылсак. "Жол чырактан туура эмес өттүң, же бирөөнү башкача карап койдуң" деп эле кыргызстандыктарды жоопко тартып жатат. Орусияда жүргөн жарандарыбыз өлкөнүн негизги инвестору да. Жыл сайын 3 миллиард сомдон ашык акча которушат", - деди ал.

Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов адвокаттар мигранттарга жеринде юридикалык консультация берүүсүнө мыйзам жол бербестигин, бирок аралыктан бере аларын белгилеп, андыктан кайрылса болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: