super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту.

МинКабдан анда тараптар Кыргызстандын аймактары менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашканын маалымдашты.

Төрөбаев акыркы жылдары кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү өзүнүн тарыхый бийиктигине жеткенин белгиледи.

Ага ылайык, 2024-жылы биргелешкен аракеттер менен "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу, үчүнчү "бедел" көзөмөл-өткөрмө пунктун ачуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү сыяктуу ири долбоорлорго старт берилди.

Өз кезегинде Шэньси провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Син Шанпин кызматташууну бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүү контекстинде Айыл чарба, энергетика, транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, Айыл чарба, археологиялык изилдөөлөр тармактарындагы өз ара аракеттешүүнү кошо алганда, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: