super.kg logo
  Саясат  

Аcылбек Жээнбеков Сауд Арабиянын ТИМ башчысынын орун басары Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-январда Сауд Арабия Королдугунун тышкы иштер министринин орун басары Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда өз ара пайдалуу маселелердин кеңири алкагы, Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды андан ары өркүндөтүү жолдору талкууланды.

Төрага Сауд Арабиясы менен кызматташтык алакаларды арттыруу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Өткөн жылы Кыргызстанда Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажилисинин спикеринин жана айыл чарба министринин иш сапарларынын ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Бишкек шаарында Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда экинчи тегерек столду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү зарылчылыгын айтты төрага.

Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд мындан ары да Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерди жандандырууга кызыкдар экенин билдирди. “Эки өлкө ортосунда көп ынанымдар боюнча өз ара түшүнүшүү бар, ал Кыргызстан менен Сауд Арабиянын кызматташтык мамилелерин андан ары өөрчүтүүнүн башкы өбөлгөлөрүнүн бири болуп саналат”,- дейт ал.

Тараптар саясат жана экономика жаатында, социалдык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: