super.kg logo

Бишкекте реконструкцияга байланыштуу каттамы жылган №8, 55, 56 автобустар кайсы тарап менен жүрөт? (карта)

 
Бишкек шаарында Чынгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
  • №55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү: Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү.
  • №8 автобустун кыймыл багыты: И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү.
  • №56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Мэрия шаар тургундарын алдын ала жол каттамдарын пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ремонт иштерине байланыштуу жабылганы айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: