super.kg logo

ТИМ Европада айрым кыргызстандыктар маянасын ала албай жатканы боюнча билдирүү таратты

 

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына литвалык компаниялар тарабынан эмгек акысын кечиктирүү жана төлөбөй коюу маселеси боюнча билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, ЖМКларда Европанын айрым өлкөлөрүндө жүк ташуу менен алектенген кыргыз жарандарына литвалык компаниялар эмгек акысын кечиктирип же негизсиз төлөбөй жаткандыгы белгиленген.

Ага ылайык, 16-мартта Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Венло шаарында (Нидерланды) жабыркаган кыргызстандык жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө жарандарга керектүү кеңештер берилип, алардын укуктарын коргоо боюнча маалымат айтылды.

"Ошондой эле элчилик бул маселени жөнгө салууда бекер юридикалык колдоо көрсөтүп жаткан Нидерландынын айдоочулар бирикмеси «RTDD» менен байланыш түздү.

Мындан тышкары Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Литванын Тышкы иштер министрлигине кыргызстандык жарандардын литвалык компаниялар менен болгон талаш-тартыштарын жөнгө салууга көмөктөшүү өтүнүчү менен расмий кайрылуу жөнөттү", - деп жазылат анда.

Министрлик бул маселени толук чечилгенге чейин көзөмөлдөп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: