super.kg logo

“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спирдин өлүмүнө шектелип 7 адам кармалды

 
“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны Томас Берринин өлүмүнө шектүү деп 7 адам кармалды. Бул тууралуу 9-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Кылмышкерлердин изине чыгууга маркумга тиешелүү видеокамера себепчи болгон. Кылмыш болгон жерден жоголгон камера шектүүлөрдүн биринин үйүнөн табылган. Кармалгандардын катарында Семиз Данило (Fat Danilo) деген каймана ат менен таанымал болгон жергиликтүү банданын башчысы да бар. 
Полициянын алдын ала божомолунда “Венесуэла сулуусунун” өлүмүнө 11 адамдын катыштыгы бар. Шектелген дагы 4 адам кармала элек. Азырынча Моника Спир менен анын күйөөсүн аткан курал табыла элек.

Эске салсак, Моника Спир эмгек өргүүсүнө чыккан соң мекенине жолдошу жана 5 жаштагы кызы менен эс алууга келип, киши колдуу болуп каза табышкан. Окуя Пуэрто-Кабельо жана Валенсия шаарларынын ортосунда болуп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: